Биз социалдык тармакта

Шаирбек Ташиевдин өлкөгө келтирген зыянын эсептөөгө комиссия түзүлдү

Мурдагы депутат Шаирбек Ташиевдин мамлекетке келтирген зыянынын көлөмүн тактоо үчүн комиссиялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу анын адвокаты Жыргалбек Бабаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, буга чейин зыяндын көлөмүн бир эксперт эсептеген. Эми комиссия айрым көрсөткүчтөрдү кайра карап, так сумманы аныктайт.

Буга чейин ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схема боюнча мамлекетке 4,1 миллиард сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген. Ташиев коюлган айыптарды четке кагып келет.

Эскерте кетсек, Шаирбек Ташиев быйыл 1-апрелде кармалып, 27-июлда мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылган. Анын канча сумма төлөгөнү расмий түрдө айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан