Швейцариянын мөңгүлөрүнүн көлөмү акыркы беш жылда дээрлик 20 пайызга кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда чет өлкөлүк малымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылы мөңгүлөрдүн муз массасынын 5 пайыздан ашыгы эриген. Буга кар аз жааган кыш жана майдан сентябрга чейинки аптаптуу аба ырайы себеп болду.
Айрым мөңгүлөрдүн калыңдыгы 2,5-4 метрге чейин азайып, мөңгү тилкелеринде бул көрсөткүч 10 метрге жетти. Июль-сентябрь айларында мөңгүлөр болжол менен 2,2 триллион литр суу жоготту.