Биз социалдык тармакта

"Мадина" базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери уланууда

Бишкектин "Мадина" базарындагы өрттөн келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатат. Бул тууралуу 1-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда тергөө иш-чаралары дагы деле уланууда.
"Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылууда",- деп айтылат маалыматта.
Мындан аркы төлөмдөр жана компенсациялар маселеси тиешелүү тергөө иштери аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин каралат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан