Биз социалдык тармакта

Сузакта жер тилкелерин мыйзамсыз берген 4 аткаминер кармалды

Сузак районунда жайыт жерлерин турак жай курууга мыйзамсыз берүү жана бир жер тилкесин бир нече жаранга бөлүштүрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кылмыш иши боюнча 29-сентябрда Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары А.А., жерге жайгаштыруу боюнча адистери М.Д. жана Э.А., ошондой эле Р.С. аттуу картограф кармалды.

Териштирүү учурунда келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 419 миң сомду түзгөнү аныкталды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан