BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат.
Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун басары Бакай Айдаралиев жана BAKAIнин Башкармасынын төрагасынын орун басары Нурдин Алыбаев кол коюшту.
Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясына шайкеш келген долбоорлорду каржылоо каралган. Негизги багыттарга энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактары, жашыл курулуш, экологиялык таза транспорт, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды кайра иштетүү кирет.
Каржылоону кимдер ала алат?
Программа төмөнкү талаптарга жооп берген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү:
Каржылоонун негизги шарттары:
«Бүгүнкү келишим экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду каржылоого, ошондой эле аялдардын ишкердигин колдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. BAKAI үчүн бул бизнести өнүктүрүүгө гана эмес, Кыргызстандын экономикасынын узак мөөнөттүү өсүшүнө да кошкон салым», - деп белгиледи BAKAIнин Башкармасынын төрагасынын орун басары Нурдин Алыбаев.
BAKAI ишкерлер үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантып, бизнести өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын туруктуу келечегине багытталган долбоорлорду колдоп келет.