Биз социалдык тармакта

Flydubai учагынын жаракат алган капитанынын абалы туруктуу

Дубай–Тель-Авив багытындагы Flydubai учагында жаракат алган капитан Смит Маччхардын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Индиянын Сауд Арабиясындагы элчилиги билдирдгенин чет элдик маалымат каражатттары жазышты.

Маалыматка караганда, учурда ал Сауд Арабиясынын Табук шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-сентябрда учактын экинчи пилоту кабинада капитанга кол салып, аны жарадар кылганы айтылган. Жаракат алганына карабай, капитан кабинадагы эшикти ачып, жүргүнчүлөр менен экипаждын кол салган адамды токтотуусуна шарт түзгөн.

Кийин учак Сауд Арабиясынын Табук шаарына чукул конуп, учакта жүргүнчү катары бараткан башка Flydubai учкучтары аны коопсуз кондурууга жардам берген. Окуянын себептери жана кол салуунун мотиви азырынча иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан