Биз социалдык тармакта

Улан Ниязбеков Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйынына катышты

Ички иштер министр Улан Ниязбеков 1-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында укук коргоо органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү, баңгизат кылмыштуулугуна жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, кылмыштарды ачууда заманбап технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.

Улан Ниязбеков Кыргызстандын уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр ыкчам маалымат алмашууну күчөтүүнү, чек ара аралык кылмыштуу байланыштарды биргелешип аныктоону жана кылмыштуу ишмердүүлүктү координациялаган адамдарды аныктоо боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал 2027-жылдын сентябрында Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү пландалып жатканын айтып, КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ өкүлдөрүн иш-чарага катышууга чакырды.

Жыйындын соңунда 2029–2033-жылдарга кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасынын долбоорун даярдоо жана укук коргоо тармагындагы эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан