Кыргызстан менен Орусия баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты улантат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
1-октябрда Душанбе шаарында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Орусиянын ИИМ башчысы Владимир Колокольцевдин эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ИИМдери баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.
Макулдашууга ылайык, 2026–2028-жылдары Кыргызстандын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Орусиянын колдоо программасынын кезектеги этабы ишке ашырылат.
Анын алкагында кызматтын материалдык-техникалык базасын жана ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жакшыртуу жана заманбап баңгизат кылмыштарына каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.
Тараптар ошондой эле синтетикалык баңгизаттардын жайылышы, аларды сатуунун жаңы ыкмалары жана кылмыштуу ишмердүүлүктө заманбап маалыматтык технологиялардын колдонулушу боюнча пикир алышты.