Биз социалдык тармакта

ӨКМ башчысы Жалал-Абаддагы бир катар объектилердин абалы менен таанышты

1-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, бир катар объектилердин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарындагы Гидрометеорология кызматынын имараты, Шор-Булак тилкесиндеги сел каналдын курулушу жана Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндө салынып жаткан өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмү текшерилди.

Ошондой эле Көк-Арт дарыясындагы эс алуу жайына байланыштуу жарандардын кайрылуусу жеринен каралды.

Мындан тышкары, Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусу каралып, Майлуу-Суу дарыясындагы кооптуулукту эске алуу менен алдын алуу иш-чараларын 2027-жылдын планына киргизүү тапшырылды.

Иш сапардын соңунда министр Майлуу-Суу шаарында жана Ноокен районунда жаңыдан курулуп жаткан өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан