Биз социалдык тармакта

Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, айылдагы №32 Ж. Канашев атындагы орто мектептин жаңы имараты курулуп бүттү.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залы жайгашкан корпустан турат. Имарат 225 окуучуга ылайыкталып, эки нөөмөттө 450 окуучуга билим берүүгө шарт түзүлөт.

Мектепте заманбап окуу класстары, спорт залы, сахна жана башка кошумча бөлмөлөр каралган. Имараттын жалпы аянты 2201 чарчы метрди түзөт.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин Курулуш министрлиги жүргүзгөн. Учурда мектепти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан