Бүгүн, 1-октябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” компаниясынын Бишкектеги “Кудайберген” турак жай комплексине жана Шопоков шаарчасындагы “Шопоков Эко Сити” комплексине барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
“Кудайберген” комплексинде учурда 100гө жакын куруучу иштеп, курулуш-монтаждоо иштери уланууда. Министр объекттеги иштерди жеринен көрүп, курулуштун бекитилген башкы планга жана графикке ылайык жүргүзүлүшүнө көңүл бурду.
Ал эми “Шопоков Эко Сити” комплексинде 150гө жакын куруучу эмгектенүүдө. Курулуштун көлөмүнө жараша жумушчулардын саны мындан ары көбөйтүлөрү айтылды. Ошондой эле иштерди белгиленген графикке ылайык сапаттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
Орунтаев каржылоо маселесине да токтолуп, каражат маселеси мүмкүн болушунча үлүш ээлеринин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилерин белгиледи.
Министрдин айтымында, объектилерди сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү компаниянын Кыргызстандагы курулуш рыногундагы ишмердүүлүгүн улантуусунун негизги шарттарынын бири.
Белгилей кетсек, “Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилеринде курулуш иштерин жандандыруу 2026-жылдын февраль айында башталган. Анын алкагында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп, мамлекеттик реестрге катталган.
Учурда негизги күч курулуш иштерин толук аяктап, бир нече жылдан бери турак жайларын күтүп жаткан үлүш ээлерине батирлерди өткөрүп берүүгө багытталууда.