Биз социалдык тармакта

Кулубаев Гананын президенти Жон Драмани Махама менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасынын президенти Жон Драмани Махама менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

Жолугушуу 1-октябрда Кулубаевдин Ганага болгон расмий сапарынын алкагында өттү. Министр Гананын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Кулубаев Кыргызстан Гананы Африкадагы ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн айтып, саясий диалогду, соода-инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Жон Драмани Махама эки өлкөнүн ортосундагы диалогдун жанданышын кубаттап, саясий консультациялардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан менен соода-инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн демилгелерин, анын ичинде көп тараптуу аянтчаларда өз ара колдоого даяр экенин ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан