Биз социалдык тармакта

Ошто Жетимишов көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы С. Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап, жол пайдаланууга берилди.

Маалыматка ылайык, узундугу 1,4 чакырым, туурасы 14 метр болгон жолдун ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.

Оңдоо иштеринин алкагында жаңы асфальт төшөлүп, көчөнүн эки тарабына ирригациялык тармактар орнотулду. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулду.

Жетимишов көчөсү кеңейтилген Ош көчөсүнө чыгат. Бул жол аркылуу “Ош” эл аралык аэропортуна барууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан