Cаруу: Баш аламандык кылгандарга кылмыш иши козголду

Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгына чабуул койгон Саруу айылынын тургундарына кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 4-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Буга чейин Каракол шаарындагы жана Саруу айылындагы баш аламандыктар боюнча издөөдө жүргөн Айбек Сарыбаев кармалган эле. Көп өтпөй 100дөй саруулук жаран РИИБге келишип, Сарыбаевди бошотууну талап кылышты. Таш менен РИИБинин эшик, терезелерин талкалашкан. Азиз Ажыбеков аттуу милиция кызматкерин сабашканы айтылды.

Саруулуктарга кылмыш иши “бейбашчылык”, “бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” жана “мүлктү атайлап талкалоо жана жок кылуу” беренелери боюнча козголду.

Саруу айылында Балыкчы-Каракол унаа жолун тоскондор боюнча административдик протокол түзүлүп, сотко жөнөтүлдү.

Жол тосуп тургандарга милиция өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
askat1985
2014-02-04 11:53:10
качан тынч жашоо болот
0
zarbalik
2014-02-04 16:41:44
президент кыргызстанга кыргыздарга чын дили менен кызмат кылып улуттук кызыкчылыкты коргосо созсуз тынч жашоо болот.
0
barsa1984
2014-02-04 17:14:58
Саруулуктар өтө эле чектен ашып кетишти...өзүдөрүн ошончолук патриот сезишсе анда Ак-Шыйракка барып чек араны кайтарышса болмок.
0
baha1985
2014-02-04 20:51:15
barsa 1984 элдер барып кайтарса ашанын адамдары тезек тереби не
0
barsa1984
2014-02-04 23:32:15
baha1985, тигинин адамы,мунун адамы, түндүк-түштүк деп жүргөндө чек арадан душмандар кирип жатат. Жолду бууп кошуна айылдаштарына жолтоо болбой душмандардын жолун тосуп чек арада турушсун да. Башка айылдар ушулардын айынан өлгөндөрго батага бара албай, топурак сала албай калып жатат. Адаммбы булар же адамдык сапаттан четтеп калганбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан