Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер кечээ, 1-октябрда жыйынтыкталды.
Натыйжада өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча курамасы жалпы командалык эсепте 85 балл көрсөткүч менен экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду 111 балл топтогон Япония алды. Үчүнчүдө 84 балл көрсөткүчү менен Өзбекстан турат.
Айта кетсек, Жоламан Шаршенбков алтын, Асан Жанышов күмүш, Акжол Махмудов менен Раззак Бейшекеев коло медаль тагынышкан.