Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Орусияда өтүп жаткан "Өз ара аракеттенүү-2026" машыгууларынын алкагындагы спорттук мелдеште жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу 1-октябрда Коргоо министрлиги билдирди.
Мелдешке 8 мамлекеттин аскерлери катышып, волейбол, футбол, аркан тартыш, гиря көтөрүү жана кол күрөш боюнча күч сынашты. Кыргызстандык аскерлер бардык спорттук мелдештерде байгелүү орундарга ээ болушту.
Жыйынтыгында биринчи орунду Орусиянын аскерлери алышты.