Биз социалдык тармакта

Жоламан Шаршенбеков: "Бул жеңишимди кыргыз элиме арнайм" (видео)

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарындагы жеңишин кыргыз элине арнап, видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу кечээ, 1-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

"Бул оңой болгон жок. Биз агайларыбыз, командабыз, федерация жана мамлекеттик агенттик, дарыгерлер, массажисттер жана бизди колдогон бардык адамдар менен бирге көп даярдандык. Алардын бул жеңишке салымы чоң",- деди балбан.

Шаршенбеков жеңишин Олимпиадага карай жолдогу кадамдардын бири деп атап, муну менен токтоп калбай турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын атынан Азия оюндарында өлкөгө биринчи алтын медалды алып келди.

Жоламан Шаршенбеков: "Бул жеңишимди кыргыз элиме арнайм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан