Биз социалдык тармакта

"Баткен электр тармактарынын" директору пара алууга шектелип кармалды (видео)

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 1-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 2-сентябрда "Баткен облустук электр тармактары" ишканасынын директору, Кадамжай районунда жайгашкан мекеменин электр линиясына байланыштуу кемчиликтерди жоюуга убакыт берүү үчүн 3 миң доллар талап кылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, 51 жаштагы шектүү кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Баткенде электр тармагынын директору пара алууга шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан