Кечээ, 1-октябрда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында тилемчилик менен алектенген жарандарды аныктоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясы билдирди.
Рейд шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир нече жаран аныкталып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилди. Аларга протокол түзүлүп, мыйзам чегинде административдик чаралар көрүлүп, айып пулдар салынды.