Аба ырайы кескин өзгөрүп, Төө-Ашууда туман каптап, кар жаап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Чүй облусу боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Милиция айдоочуларга жол эрежелерин так сактоого, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
Учурда жол тейлөө мекемелери тарабынын жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.