Колумбиялык ырчы Шакира Борбордук Азияда Бишкекте гана концерт берет. Бул тууралуу кечээ, 1-октябрда президенттин иш башкармалыгынан маалымдашты.
"Эксклюзивдүү келишимдин шарттарына ылайык, ырчынын Борбор Азиядагы концерти Бишкек шаарында гана өтөт. Келишимде аймактагы башка өлкөлөрдө, анын ичинде Казакстанда концерт өткөрүү каралган эмес",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтөт. Билет баасы 12 миң сомдон 120 миң сомго чейин болууда.