30-сентябрда Чүйдүн Жайыл районунда 35 тонна дизелдик май ташыган жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгы катталып, жер тилкеси жана Кара-Балта дарыясы мунайзат менен булганды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн жооптуу тарап аныкталды.
"Окуя болгон жерден топурак менен суунун үлгүлөрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча жооптуу тарапка укуктук баа берилип, мыйзамда каралган чаралар көрүлөт. Ошондой эле жердин жана суунун булганышынан келтирилген экологиялык зыяндын өлчөмү эсептелип, аны өндүрүү боюнча талаптар коюлат",- деп белгиленди маалыматта.