Биз социалдык тармакта

Чүйдө жол кырсыгынан 2 аял каза болду

Кечээ, 1-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 59 жана 66 жаштагы эки аял каза болду. Маалыматты Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 19 жаштагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун четинде бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен.

Азыркы учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан