Непалдагы Химлунг-Химал тоосунун базалык лагеринде кар көчкү жүрүп, каза болгондордун саны 15ке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн учурда лагерде 16 адам болгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө 15 адамдын сөөгү табылды. Учурда дайынсыз болуп жаткан акыркы адамды издөө уланууда.
Куткаруучулар табылган сөөктөрдүн айрымдарын аба жолу менен ооруканага жеткиришкен.
Белгилей кетсек, 27-сентябрда 7126 метр бийиктиктеги Химлунг-Химал тоосунда лагерлерди даярдап, аркан бекитип жаткан топко кар көчкү түшкөн.