Бишкектин Биримдик-Кут конушунда жашаган мектеп окуучулары үчүн мектеп автобустарынын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, 2025-жылдан бери каттамда 2 автобус иштеп келген. Учурда кошумча дагы 1 автобус бөлүнүп, окуучуларды 3 автобус тейлөөдө.
"Келечекте аталган конушка кошумча жол чырак орнотуп, схемага ылайык жаңы автобус каттамын ишке киргизүү пландалууда",- деп белгиленди маалыматта.