Кечээ, 1-октябрда социалдык тармактарда Меккедеги Ыйык мечитте Каабанын жанынан жардыргыч зат тагылган жанкечти-террорчу кармалганы тууралуу маалымат тараган. Сауд Арабиясынын бийлиги бүгүн, 2-октябрда бул маалыматты четке какканын чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, коопсуздук кызматкерлери зыяратчыларга тийишип, өзүн туура эмес алып жүрүп, дүрбөлөң жараткан адамды кармашкан. Анын жанынан курал же жардыргыч зат табылган эмес.