Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Сүлүктү шаарында ичүүчү таза суу жок экенин айтты.
"Мен Сүлүктүдө окуп жүргөндө эшек менен суу ташып иччүбүз. Азыр деле ошондой. Таза суу жок",- деди ал бүгүн, 2-октябрдагы парламенттин "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында.
Өкмөттүн өкүлү маселени карап чыгууга убада берди.