Биз социалдык тармакта

Шакиранын Бишкектеги концертинин билеттерин 22 өлкөнүн жарандары алышты

Колумбиялык ырчы Шакиранын Бишкекте өтө турган концертине сатылган билеттерди 22 өлкөнүн жарандары алышты. Бул тууралуу Президентин иш башкармалыгы билдирди.

Маалыматта учурда 13 миңден ашык билет сатылганы айтылат. Анын 70 пайызын кыргызстандыктар, 30 пайызын чет өлкөлүктөр сатып алышкан. Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын жарандары сатып алуучулардын арасында алдыңкы орунда турат.

Башкармалык биринчи күнү эле билеттердин 30 пайызы сатылып кеткенин кошумчалады.

Айта кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда "Бишкек Аренада" болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан