Баткен облусунда кекиликтерди мыйзамсыз кармоого даярдалган жайлар аныкталып, жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз иш-аракеттер егерлер тарабынанан браконьерлерди аныктоо максатында Караңгылык жайлоосунда жүргүзүлгөн рейдде аныкталды.
Министрлик жарандарды аңчылык эрежелерин сактап, жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга чакырды.