Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева Ысык-Көлдүн Тосор айылынан чыккан ширени беш литрлик желим бөтөлкөгө куюп келип көрсөттү.
Ал бүгүн, 2-октябрда парламенттин "Ишеним" депутаттык тобунун жыйынында шире кайра иштетүүчү цехте өндүрүлөрүн, кооператив колдоого муктаж экенин айтты.
"Жолдон оозу ачылып калып, унаанын багажына төгүлүп калыптыр. Ошол жактагы ишкерлер "жакшы шире чыгарат элек" деп сунуштарын сиздерге жиберип жатыптыр. Бирок силер жактан эч кандай колдоо болбой жатыптыр",- деди эл өкүлү.
Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу сөзсүз түрдө жардам берилерин убадалады.