Бүгүн, 2-октябрга караган түнү жол кызматкерлери ашуулардагы жолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы кум-туз себүү иштерин жүргүзүштү.
Транспорт министрлиги маалымдагандай, учурда жолдор тазаланып, унаалардын жүрүүсүнө шарт түзүлгөн.
Министрлик айдоочуларды жолго чыгарда унаанын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөк менен жүрүүгө чакырды.