Бүгүн, 2-октябрда Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Айнура Салахидинова 42 жаш мааракесин белгилеп жатат. Салахидинованын туулган күнүн куттуктап санаалаштары, жакындары социалдык тармактан куттуктап, жылуу пикирлерин жазышты.
"Кош келдиң 42-күзүм! Бул жашоону мага белек кылган Аллахыма, ата-энеме чексиз ыраазымын. Мени ар дайым колдоп жүргөн жолдошума чоң ырахмат" - деп билдирүү калтырган ырчы.
Айнура Салахидинова 1984-жылы Бишкек шаарында туулган. Чыгармачылык жолун жаш кезинен баштап, бүгүнкү күнгө чейин сахна менен үй-бүлөлүк жашоосун айкалыштырып келет. Ал 2-классынан тарта комуз ийримине катышып, фестивалдарда комузчулар менен бирге өнөр көрсөткөн. Алгач комузчу болууну кыялданганы менен, кийин ырчылык багытын тандаган.
Салахидинова Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда фольклор жана элдик музыка багытында билим алган. Студент кезинде эле сахнага чыгып, кийин өз алдынча ырларды жаздырып, клиптерди тартып, чыгармачылык жолун уланткан. Кийинчерээк Кыргыз экономикалык университетинин Маданий-эстетикалык борборунун комуз ийриминин көркөм жетекчиси болуп эмгектенген.
Алгач "Кусалык", "Сен жокто" деген аталыштагы ырлары менен эл оозуна алынган. Репертуарында "Аясаң боло", "Арзуу ыры", "Туулган жер", "Сен деп жашайм" жана башка чыгармалары бар. Мындан тышкары бир катар ырларды дуэт жана трио болуп аткарып келет
Ырчы 2014-жылы Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган. Ал чыгармачылыктан тышкары мугалимдик кесипти да аркалап, мектептерде окуучуларга комуздан жана ооз комуздан сабак берип жүргөнүн айткан. Мындан сырткары жеке ишкерлик жана блогерлик менен да алектенип келет.
Айнура Салахидинова 2012-жылы Санжар Энназаров аттуу мырзага турмушка чыккан. Учурда түгөйлөр 2 уул жана 2 кызды тарбиялап келишет.
2-октябрга карата жылнаама.