
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы
Жаныбек Полотов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 29-июлунда кызматтык абалын пайдаланып, 82,75 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн эле жеке жакка мыйзамсыз сатып жиберген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тергөөдө анын диплому жок эле кызматта болгону аныкталган. Демек, шектүү мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып келген. Натыйжада мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.