FlyDubai авиакомпаниясынын учагында экинчи учкучка бычак менен кол салган пилотту жүргүнчүлөр кантип зыянсыздандырганын күбөлөр айтып беришти. Бул тууралуу ABC телеканалы жазып чыкты.
Шота Мусаев аттуу израилдик тиш доктур кол салган учкучтун колун байлап, аны учкучтар кабинасынан алып чыгууга жардам бергенин билдирди.
Анын айтымында, кол салган адам дээрлик эч нерсе сүйлөгөн эмес. Ал Оман өлкөсүнөн экенин айтып, кийинчерээк: “Мени өлтүргүлө, суранам, өлтүргүлө”,- деп өтүнгөн.
Окуя шаршемби күнү Дубайдан Тель-Авивге багыт алган FlyDubai учагында болгон. Учак аба мейкиндигинде өзгөчө кырдаал сигналын берип, Сауд Арабиясынын Табук шаарына чукул конууга аргасыз болгон.
Кийин авиакомпания учуу учурунда эки учкучтун ортосунда жаңжал чыкканын тастыктаган. Ал эми маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, учкучтардын бири экинчисине бычак менен кол салып, учакты кыйроого учуратууга аракет кылган.
Израилдин бийлиги бул окуяны террордук акт жасоо аракети катары баалаган.