Биз социалдык тармакта

Нурдан Орунтаев Бишкектеги бир катар курулуш объектилеринин жүрүшү менен таанышты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында “Инвест Кей Джи Холдинг” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоордун алкагындагы бир катар объектилерди текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Инвестициялык долбоордун алкагында борбор калаада турак жай, коммерциялык, коомдук-ишкердик жана инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана аймактарды көрктөндүрүү каралган.

Долбоордун ири объектилеринин бири — Жибек Жолу проспектиси, 605 дарегинде жайгашкан мурдагы Батыш автобекетинин имаратын реконструкциялоо. Анда ретроавтомобилдер музейин, коомдук соода жайларын, маданий жана оюн-зоок объектилерин түзүү, ошондой эле ага чектеш аймакты көрктөндүрүү пландалууда.

Нурдан Орунтаев реконструкция учурунда имараттын тарыхый өзгөчөлүгүн сактоо менен заманбап архитектуралык чечимдерди айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык сапаттуу жүргүзүүгө көңүл бурду.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында “Жаштар” жана “40 жыл Октябрь” сейил бактарын жаңылоо, “Тазалык-1” жана “Тазалык-2” жаңы базаларын, ошондой эле муниципалдык ишкана үчүн абоненттик кызматтын имаратын куруу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан