Бүгүн, 2-октябрда Бишкектин Ленин районундагы Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө бир күжүрмөн эсеп жана автошаты тартылган. Өрттөн бир аял куткарылып, анын түтүнгө ууланганы аныкталды. Мындан тышкары, 10 адам эвакуацияланды. Өрт саат 15:29да толук өчүрүлдү.