Балбан Айпери Медет кызы Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалга ээ болду.
76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан спортчу буга чейин Индия жана Индонезиянын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалда япониялык балбанга утулган. Коло үчүн беттеште ал Өзбекстандын өкүлү Севинчой Полвонова менен күч сынашып, мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Айпери Медет кызынын медалы Кыргызстан үчүн бул Азия оюндарындагы кезектеги байге болуп калды. Буга чейин өлкө спортчуларынын арасынан Денис Петрашов, Кубанычбек Айбек уулу, Раззак Бейшекеев, Асан Жанышов, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Эрлан Шеров медаль тагынышкан.