SUPER.KG порталынын каарманы Шокир мырза 251 килограммдан 117 килограммга чейин арыктаганын көрсөткөн видео жарыяланды. Ал учурда казакстандык машыктыруучу Айтым Жакыповдун көзөмөлүндө машыгып, арыктоо иштерин улантууда.
Шокирдин баштапкы салмагы 280 килограмм болгон. Ашыкча салмактан улам буттары шишип, басуу кыйынга турган. Кийин диета кармап, спорт менен машыгып, салмагын азайта баштаган.
Машыктыруучу социалдык тармактагы баракчасына Шокирдин апасына барган учурун да жарыялады. Видеодо апасы арыктаган уулун көрүп, кубанычтан көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.
SUPER.KG буга чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына барып, Шокир менен маек куруп, анын жашоосу жана арыктоо жолу тууралуу материал даярдаган.