Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев Франциядагы мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Францияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкөдө жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда виза алуу, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн Францияда таанытуу, эмгек мигранттарынын турак жай шарттарын жакшыртуу жана Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алууну жеңилдетүү маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле мекендештердин укуктарын коргоо, консулдук кызматтарды жакшыртуу жана мамлекеттик органдар менен байланышты күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Марлен Маматалиев көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан