Биз социалдык тармакта

Оштогу Авиашаарчада жаңы сейил бак курулат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош” эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан Авиашаарча кичи районуна барып, аймактагы иштер менен таанышты.

Мындан эки ай мурун мэр аймактагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалап, эски гараждарды алып, аймакты иретке келтирүүнү тапшырган. Учурда анын тапшырмасы аткарылып, аймак толугу менен тазаланды.

Жакын арада Авиашаарчада жаңы сейил бак куруу пландалууда. Паркта учактардын макеттери орнотулуп, аэропортко жакын аймактын өзгөчө атмосферасы түзүлөт.

Ошондой эле мэр жаңы курулган тротуарды көрүп, балдар менен баарлашты. Балдардын сунушун эске алып, аймакка жаңы футбол аянтчасы куруларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан