Биз социалдык тармакта

Нарында Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү жаңы көпүрө курулууда

Бүгүн, 2-октябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жаңы көпүрөнүн курулушу менен таанышты.

Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу 2026-жылдын август айында башталган. Долбоор министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Көпүрөнүн узундугу 97 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жол бөлүгүнүн туурасы 7 метр болуп, эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн 2 метрден тротуар каралган. Объект 8 темир-бетон таянычтан турат.

Министр курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, жумуштарды долбоордук талаптарга ылайык сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле технологиялык талаптарды так сактоо жана аткарылган иштердин сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан