Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусунда жол куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Анда министр Нарын шаарындагы жалпы узундугу 9 чакырымдан ашкан Ленин көчөсүн капиталдык оңдоо иштерин ушул жылдын 15-октябрына чейин бүткөрүүнү тапшырды.
Ошондой эле Нарын–Баетов, Он-Арча–Жаңы-Талап–Ашырма, Нарын–Үч-Нура унаа жолдорундагы жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 231-чакырымындагы айланма жол кесилишин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү да текшерилди.
Министрликтен билдиргендей, аталган объектилерде жыл аягына чейин асфальт-бетон төшөө боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду. Ага ылайык, Нарын–Баетов, Он-Арча–Жаңы-Талап–Ашырма жана Нарын–Үч-Нура автомобиль жолдорунун тиешелүү тилкелеринин ар биринде кеминде 5 чакырымга асфальт-бетон төшөө милдеттендирилди.