Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Ливан менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
Белгилей кетсек, буга чейин эки команда 3 жолу беттешкен.
ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 106-орунда, Ливан 111-орунда турат.