Биз социалдык тармакта

Күрөш легендасы Жеңиш Дөңбаев акка моюн сунду

Күрөш легендасы, Кыргызстанга жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаев 81 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу 4-октябрда Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Ал 1945-жылы 12-июлда Талас районундагы Кең-Арал айылында туулган. Дөңбаев 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1965-жылдан күрөшкө катыша баштап, союздук жана эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жараткан.
  • 1969-1972-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон.
  • 1970-1991-жылдары Республиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.
  • 1991-1996-жылдары республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу.
  • 1996-1999-жылдары башкы устат катары жетектеген.
  • 1999-2009-жылдары күрөш жана бокс боюнча адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору.
  • 2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон.
  • 2011-жылдан бери машыктыруучу болуп жигердүү иштеген.
Сыйлыктары:
  • 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • 2001-жылы "Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.
  • Бир нече жолу “Жылдын мыкты машыктыруучусу” деп аталган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-октябрда өтөт. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан