Биз социалдык тармакта

Арагчи Ормуз кысыгын ачуу шартын атады

Бүгүн, 4-октябрда чет элдик басылмалар Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ормуз кысыгын ачуу шартын айтканын жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, эгерде АКШ Иран сунуштаган жөнгө салуу планын кабыл алса, кысыкты ачуу процесси бир жумага созулушу мүмкүн.

«Эң башкысы - Ирандын эки өлкөнүн (ред.: Иран-АКШ) уланып жаткан жаңжалын жөнгө салуу боюнча сунуштаган планы. Бул план “Жети күндүк план” деп аталат. Эгер ал кабыл алынса, Ормуз кысыгы жети күндүн ичинде кайрадан ачылат», — деген ал Тегеранда чет элдик дипломатиялык миссиялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда.

Арагчи бул план тууралуу кошумча маалыматтарды кийинчерээк жарыялай турганын убада кылды.

Сентябрь айында Тегеран ортомчулар аркылуу АКШга Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарын кайра жандандыруу жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча «жети күндүк планды» тапшырган.

Бул план июнь айында кабыл алынган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга негизделген. Анда Иран мунайын экспорттоого убактылуу жеңилдиктерди берүү жана Ормуз кысыгын этап-этабы менен кайра ачуу каралган.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык логистикадагы эң маанилүү түйүндөрдүн бири болуп эсептелет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан