Бүгүн, 4-октябрда, Япониянын Айти префектурасы жана Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын жабылуу аземи өттү.
Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин уланып, ага 45 өлкөдөн 11 миңге жакын спортчу катышты.
Кыргызстандын курама командасы мелдешке спорттун 30 түрү боюнча катышты. Өлкө атынан 168 спортчу жана 58 машыктыруучу барды.
Жабылуу аземинде Азия оюндарынын расмий туусу кийинки мелдешти кабыл ала турган Катарга өткөрүлүп берилди.
XXI Азия оюндары 2030-жылы Доха шаарында өтөт.