Өлкөнүн футбол боюнча курамасы Ливандын командасын 3:1 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, жолдоштук беттеш кечээ, 4-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Каршылаштардын дарбазасына Одилжон Абдрухманов бир гол Алимардон Шүкүров эки гол киргизди.