Кечээ, 4-октябрда Ош шаарынын борбордук стадионунда калаа күнүнө карата майрамдык салтанат масштабдуу гала-концерт менен өттү. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарада шаар башчысы Жанар Акаев сөз сүйлөп, тургундарды куттуктаган. Салтанат масштабдуу театралдаштырылган көрүнүштөр жана майрамдык фейерверк менен коштолгон.
Гала-концертте Кыргызстан менен Өзбекстандын популярдуу эстрада жылдыздары ырдашты. Стадионго 30 миңден ашуун адам чогулган.