Өзбекстандын белгилүү актёру Улукбек Кадыров кыргыз тасмаларынын биринде роль жаратат. Бул тууралуу кечээ, 4-октябрда тасманын жаратуучулары социалдык тармактарда видео жарыялашты.
Актёрдун тасмадагы ролу тууралуу азырынча кеңири маалымат берилген жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Кадыров кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасында Байтемирдин образын жараткан.