Орусиянын Иркутск облусунда 28 жаштагы кыз 2-октябрга караган түнү кара тумоодон (чума) каза болду. Бул туралуу Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, өзгөчө коркунучтуу инфекция аныкталгандан кийин медициналык мекемеде бир нече бөлүмдөрдө бейтаптарды кабыл алуу токтотулуп, стационар карантинге жабылды.
"Каза болгон кыз менен байланышта болгон 197 адам аныкталган. Алардын ичинен 189у ооруканага жаткырылды, алардын арасынан 12 адам кара тумоого каршы институтка жөнөтүлдү",- деп кошумчаланды маалыматта.
Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев байланышта болгон адамдардан оорунун белгилери табылбаганын билдирди.
Эскерте кетсек, жогорудагы маалыматка байланыштуу 4-октябрдан тарта Кыргызстандын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.